Жалал-Абад областынын Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айылындагы жыйын
Жалал-Абад областынын Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айылындагы жыйын

Жалал-Абад областынын Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айылындагы жыйын

Микрокорук экспедициясы боюнча кезектеги жыйын 2023-жылдын 13-ноябрь күнү Жалал-Абад областынын Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айылында болуп өттү.

Элдик жыйында «Лидер» Атуулдук демилгелер борбору» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргызстандын региондорундагы микрокоруктардын концепциясын кеңейтүү» долбоорунун ишмердүүлүгү, Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, маанилүү жана корголуучу жаратылыш аймактарынын аянттарын кеңейтүүнүн зарылдыгы тууралуу маалыматтар берилди.

Кулпбек сайга уюштурула турган микрокорукту катышуучулар 100% бир добуштан колдошту. Жыйынга 46 адам катышып, экологияны коргоо, биоартүрдүүлүктү, айрыкча бул аймактагы Жылан жийдени жана кирпини (Жайра) сактап калуу маанилүү экендигин белгилеп, долбоордун ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалашып, ыраазычылык билдиришти. Айылдын активисттеринен 5 кишиден турган демилгелүү топ түзүлүп, микрокоруктун уюштурулушуна көмөктөшүүнү колго алышты.