Ош областынын Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында чогулуш
Ош областынын Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында чогулуш

Ош областынын Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында чогулуш

2023-жылдын 11-ноябрь күнү Ош областынын Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында чогулуш өттү.

Бул чогулушта Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, маанилүү жана корголуучу жаратылыш аймактарынын аянттарын кеңейтүүнүн зарылдыгы тууралуу маалыматтар берилди. Жыйынга 54 адам катышып, экологияны коргоо, биоартүрдүүлүктү сактап калуу маанилүү экендигин белгилешти. Катышуучулар Ылай-Талаа айылында микрокорукту уюштурууну бир добуштан колдоого алышты. Айылдын активисттеринен 5 кишиден турган демилгелүү топ түзүлүп, микрокоруктун уюштурулушуна көмөктөшүүнү колго алышты.