Коруктардын өнүгүүсү биздин колубузда
Коруктардын өнүгүүсү биздин колубузда

Коруктардын өнүгүүсү биздин колубузда

Бишкек ш., 20-октябрь 2023-ж.

КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Табигый экосистемалар менен биологиялык ар түрдүүлүк жашообуздун негизи болуп саналат. Дал ушулар адам баласын таза аба, суу, тамак-аш азыктары, дары-дармектер менен камсыздайт. Ооруларга туруштук берүү жана климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин  жеңилдетүү – булар дагы экосистемалардын салымы. Биологиялык ар түрдүүлүктү жана экосистемаларды сактоо – адамзаттын жалпы милдети.

Биологиялык ар түрдүүлүктү жана табигый экосистемаларды сактап калуунун маанилүүлүгүнөн, Кыргыз Республикасында корголуучу жаратылыш аймактарынын аянттарын кеңейтүү зарылдыгынан улам, азыркы учурда эл аралык CEPF уюму белгилеген биологиялык ар түрдүүлүктүн негизги аймактары менен коридорлорунун уникалдуу биологиялык ар түрдүүлүгүн жана табигый экосистемаларын сактап калууга багытталган «Кыргызстандын аймактарындагы микрокоруктардын концепциясын кеңейтүү» долбоору ишке ашырылууда.    Аталган долбоордун максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, микрокоруктардын аймактык тармагы жана бардык кызыкдар тараптар үчүн маалымат порталын түзүү аркылуу Кыргызстанда 5 микрокоруктун уюштурулушуна жана микрокоруктардын Казакстан менен Өзбекстандын аймагында андан ары институтташтырылуусуна көмөктөшүү.

Долбоордун алкагында өлкөнүн калкы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана активисттер жаңы ченемдик базанын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу биле алышмакчы, ошондой эле түзүлө турган микрокоруктар ЮНЕСКОнун «Батыш Тянь-Шань» (Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан) Дүйнөлүк мурасынын транс чек аралык объектисинин аймагында расмий катталган алгачкы микрокоруктар болмокчу. Жергиликтүү калк жана микрокоруктарды түзүүгө сөзсүз катыша турган КРнын негизги үч институту, тактап айтканда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги; КР Илимдер академиясы; КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик үчүн «Жол картасы» кызыкдар тараптардын баары менен талкууланып жана макулдашылып чыгат. Бул иштин жыйынтыгында микрокоруктарды натыйжалуу уюштуруу үчүн электрондук портал түзүлөт.

Микрокоруктарды түзүү боюнча Кыргызстандын тажрыйбасы мындай жаратылышты коргоо механизмин Казакстан менен Өзбекстанга жайылтууга мүмкүндүк берип, Борбор Азия аймагында биологиялык ар түрдүүлүктү жана табигый экосистемаларды сактап калууга олуттуу салым кошо алмакчы.  

2023-жылдын 20-октябрында КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү үчүн пилоттук жергиликтүү коомчулуктарды конкурстук тандоо иш-чарасы өтөт.

Аталган иш-чаранын алкагында тандоо комитетинин мүчөлөрүнө жаратылыш объектилери менен коомчулуктар, конкурстун номинанттары боюнча маалымат берилип, микрокоруктарды уюштуруу үчүн мааниге ээ 5 аймакты тандоо мүмкүндүгү жаралат. Долбоор тандалган аймактар боюнча андан аркы иштерди жер-жерлеринде жүргүзөт — консультациялык жардамдарды көрсөтөт, керектүү документтердин топтомдорун иштеп чыгат, аймактарды курчоо иштерин аткарат, маалыматтык көрсөткүчтөрдү ж.б. орнотууга көмөктөшөт.

Кошумча маалымат үчүн:

Банур Абдиева, долбоордун менеджери

+996 772 203 949

Иш-чаранын программасы жана документтер менен QRcode аркылуу тааныша аласыздар:

Долбоор Сейрек жаныбарларды жана уникалдуу жаратылыш аймактарын сактап калуу боюнча «Борбор Азия тоолуу аймагында биологиялык ар түрдүүлүктүн очогу» Борбор Азия программасынын алкагында «Лидер» атуулдук демилгелер борбору» коомдук бирикмеси (Ысык-Көл обл., Каракол ш.) тарабынан ишке ашырылууда жана Франциянын өнүктүрүү, уюштуруу боюнча Conservation International агенттигинин, Европа Биримдигинин, Глобалдык экологиялык фонддун, Япония өкмөтүнүн, Джон Д. фондунун жана Дүйнөлүк банктын биргелешкен демилгеси болуп эсептелген Биологиялык ар түрдүүлүктүн негизги аймактарын сактоо боюнча өнөктөштүк фонду (CEPF) тарабынан каржыланууда.