Баткен областынын Лейлек районуна караштуу Катраң айылдык аймагында чогулуш болуп өттү
Баткен областынын Лейлек районуна караштуу Катраң айылдык аймагында чогулуш болуп өттү

Баткен областынын Лейлек районуна караштуу Катраң айылдык аймагында чогулуш болуп өттү

2023-жылдын 10-ноябрь күнү Баткен областынын Лейлек районуна караштуу Катраң айылдык аймагында «Лидер» Атуулдук демилгелер борбору» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргызстандын региондорундагы микрокоруктардын концепциясын кеңейтүү» долбоорунун алкагында айылдык чогулуш болуп өттү.

Бул чогулушта аталган долбоор жана анын ишмердүүлүгү тууралуу кенен маалымат берилип, Катран айыл аймагындагы Айгүл гүлү өскөн жерди микрокорукка алуу маселеси талкууланды. Жыйынга жалпысынан 66 адам катышып каршы, калыс жок бир добуштан колдоп, бул өтө зарыл маселелерден экендиги белгиленди. 9 кишиден турган демилгелүү топ түзүлүп, микрокоруктун уюштурулушуна көмөктөшүүнү колго алышты.