Акназаров айыл аймагында микрокорук экспедициясы боюнча кезектеги жыйын болуп өттү
Акназаров айыл аймагында микрокорук экспедициясы боюнча кезектеги жыйын болуп өттү

Акназаров айыл аймагында микрокорук экспедициясы боюнча кезектеги жыйын болуп өттү

Акназаров айыл аймагында микрокорук боюнча жыйын

Талас областынын Бакай-Ата районуна караштуу Акназаров айыл аймагында микрокорук экспедициясы боюнча кезектеги жыйын болуп өттү.

Жыйынга Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, Айылдык кенештин депутаттары, билим берүү мекемелеринен, жайыт комитетинин мүчөлөрү, токой чарбасынын өкүлдөрү жана Акназаров айыл аймагынын тургундары катышышты. «Лидер» Атуулдук демилгелер борбору» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү аталган уюм тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргызстандын региондорундагы микрокоруктардын концепциясын кеңейтүү» долбоорунун ишмердүүлүгү, Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, маанилүү жана корголуучу жаратылыш аймактарынын аянттарын кеңейтүүнүн зарылдыгы тууралуу маалыматтарды беришти.

Бул аймактагы Кара-Коюн үнкүрүнүн айланасында уюштурула турган микрокорукту катышуучулар 100% бир добуштан колдошту. Жыйынга 96 адам катышып, экологияны коргоо, биоартүрдүүлүктү сактап калуу, ал жердеги кирпи, жарканаттардын жоголуп баратышы тууралуу сөз кылышты. Жыйындын катышуучулары долбоордун ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалашып, ыраазычылык билдиришти. Айылдын активисттеринен 7 кишиден турган демилгелүү топ түзүлүп, микрокоруктун уюштурулушуна көмөктөшүүнү колдошту.